Генетиканы изилдеген кыргыз окумуштуу / Санжарбек Худайбердиев / Жаратман подкаст

Келечек Лидерлер Мектеби https://www.instagram.com/futureleaderskg?igsh=MWcxY2ltcDBpZnl2eQ== https://taplink.cc/futureleaderskg ‌ Дүйнөлүк алдыңкы университеттерге гранттык негизде даярдоонун комплекстүү программасы! ‌ БИЗДИН СТУДЕНТТЕР ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ АЛДЫҢКЫ УНИВЕРСИТЕТТЕРГЕ КАБЫЛ АЛЫНАТ ‌ Stanford University (#1 АКШда) Duke University (#7) Northwestern University (#9) University of Chicago (#12) Rice University (#17) Бул чыгарылышта биз дүйнөлүк деңгээлдеги институтта адамдын саламаттыгын жана медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан кыргызстандык окумуштуу, биология илимдеринин доктору менен маектешебиз. Биздин мейман – Санжарбек Худайбердиев, компьютер илимдеринин адиси жана биолог, генетика жана геномика боюнча терең түшүнүккө ээ, ал 10 жылдан ашык убакыттан бери биологиялык сырларды ачуу үчүн жасалма интеллектти колдонуп келет. Ал өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн илимий изилдөөлөргө арнаган. Биз анын берекелүү Ош шаарынан илимдин борбору болгон Вашингтонго чейинки жолун жана илимге умтулуу анын жашоосун кандай өзгөрткөнүн талкуулайбыз. Бул чыгарылышта биз оорулардын табияты, жасалма интеллект азыркы учурда эле медицинабызды кантип өзгөртүп жаткандыгы жана анын адам өмүрүн узартуу, өлүмгө алып келүүчү ооруларды жеңүү боюнча келечеги жөнүндө сүйлөштүк. Мындан сырткары, биз философиялык жана экзистенциалдык темаларга да тереңирээк кирдик: Ааламдын түзүлүшү, адам менен Жараткандын мамилеси, ошондой эле адамзат эмне үчүн эки революциянын босогосунда – биомедициналык жана жасалма интеллекттин революциясы алдында турганын талкууладык. Эгерде сиз биомедицина келечегибизди кантип өзгөртө алат деп кызыгып, алдыңкы изилдөөлөрдүн сырына баткыңыз келсе, биз менен болуңуз! Лайк басып, пикир жазып, каналыбызга катталганды унутпаңыздар! Жаратманга салым кошуңуз: M Bank +996500807040 О! Деньги +996500807040 OPTIMA BANK VISA 4169 5853 5854 1828 (Urmat Nasykulov)

Om Podcasten

Салам, достор! Сиздердин алдыңыздарда Жаратман подкасты жана мен Урмат Насыкулов. Бул подкаст аркылуу сиздер элибиздин сыймыктуу, таланттуу, эң башкысы - адамзаттын жакшылыкка карай алга илгерилешине өз салымын кошкон, өз жолун тапкан Жаратман замандаштарыбыз тууралуу кененирээк маалымат аласыз. Биз ишкердик, жашоо принциптери, өнүгүү жана келечегибиз жөнүндө маек курабыз. Биздин подкастка сөзсүз катталыңыз! Кызматташуу үчүн: jaratman.podcast@gmail.com Салам, друзья! На связи с вами подкаст Жаратман и я Урмат Насыкулов. Жаратман - это подкаст о созидателях, творцах и талантах, которые создают что-то интересное и делают вклад в развитие общества, страны и мира. Мы ведем беседу о предпринимательстве, о принципах жизни, развитии и видении будущего. Здесь каждый может найти полезную информацию и стать частью душевного общения. Обязательно подпишитесь на наш подкаст! Для сотрудничества: jaratman.podcast@gmail.com