2 сезон - эпизод #6 Өткөндүн сабактары, бүгүнкү чындык жана эртеңки мурас

Бүгүнкү мейман коногум, Меңди Мамазаирова. Меңди апа, адабияттын баардык жанрында иштеп жаткан, Кыргызстандагы белгилүү жазуучу, педагог жана коомдук ишмерибиз. Маектин алдында Меңди апа өзүнүн чыгармачылыгынын башаты кайда болгонун айтып берди. Маектин жүрүшүндө болсо экөөбүз төмөнкү суроолорду талкууладык: Кыргыз адабиятында аял жазуучулардын салымы? Эмне үчүн аялдардын чыгармалары мектеп программасында аз кездешет? Совет доорунда кыргыз адабияттын акыбалы кандай болгон? Кичине балдардын жана жаштардын кыргыз тилге, китеп окууга болгон кызыгуусун кантип арттырууга болот?

Om Podcasten

Кыргызстан жана Борбордук Азия жөнүндө жергиликтүүлөр сүйлөйт. Келгиле, санаалаштардын катарын көбөйтөлү! *** Про Кыргызстан и Центральную Азию словами местных. Давайте расширять круг единомышленников!